Шадиевдин «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өттү

Шадиевдин «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өттү

Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин «Баткен» базарынын акцияларынын  64,38 пайызы мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мекеменин маалыматында, саясатчынын бир туугандарына катталган акциялар мамлекетке өткөрүлүп берилди. Калган бөлүгү Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиевага катталгандыктан, аны сот аркылуу алуу аракети көрүлөт.

УКМКнын билдирүүсүндө,  Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин мүлктү менчиктештирүү  боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин (Баткен-Комфорт базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаган.

2024-жылдын январь айынан тарта соода жайдан  айына 10 миллион сомго жакын ижара акы республикалык бюджетке түшүп турат.

Эскерте кетсек, Аскарбек Шадиевдин бир тууган агасы Мамат Шадиев декабрь айында УКМК тарабынан кармалган.

Аскар Шадиевге таандык базар салыктан качып, ижара акысын негизсиз көбөйткөн

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: базар УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>