ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Шайлдабекова: Парламенттик шайлоого 602 млн сом сарптоо күтүлүүдө
08.09.2021 | 15:30
Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат.
Жыйында парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча каражат сарпталары тууралуу маалымат айтылды.
“Биз шайлоонун болжолдуу сметалык суммасын түзүп жатабыз. Анда 602 миллион сом акча каражаты кетери пландалууда. Бул сумма өзгөрүшү мүмкүн. Ошондой эл аралык демөөрчүлөр жардам бериши мүмкүн.
Тактап айтканда, эл аралык өнөктөштөр үч багытга гана көмөк көрсөтө алат:1. Окутуу 2. техникалык 3. Маалыматтык колдоо”, – деди Нуржан Шайлдабекова.
Эске салсак, өлкөдө шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрдан 28-ноябрга чейин жүргүзүлөт.