Шайлоо-2020: «Демократ» партиясы «Бир Бол» партиясына кошулду

Шайлоо-2020: «Демократ» партиясы «Бир Бол» партиясына кошулду

“Бир Бол” жана “Демократ” саясий партиялары бирикти. Бул тууралуу «Бир Бол» партиясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда “Демократ” саясий партиясы “Бир Бол” саясий партиясынын программасын жана койгон максатын жогору баалап, партиянын катарына кошулуу чечимин кабыл алганы жазылган.

“Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кыргызстандагы саясий айдыңда орду бар, түптөлүп калган партиялардын “Бир Болго” биригүүсү реформаны жана өзгөрүүнү күтүп жаткан жарандардын позициясын дагы да бекемдей турганын билдирди.

“Биз толук жаңылануудабыз. Демек, катарыбызга таза, жаратман жана өз ишинин дасыккан адистери кошулуп жатканы коомдо, саясат айдыңында орду бар партиялардын биригип жатканы эл ишенимин актоого өбөлгө болот. Жөнөкөй жарандардын кесипкөй кадрларга, күчтүү командага, реформага болгон үмүтүн актайбыз. Биздин катар күндөн-күнгө бекемделүүдө. Биз Кыргызстанды жаңылайбыз деп максат койгонбуз”,-деди Сулайманов.

Өз кезегинде “Демократ” саясий партиясынын лидерлеринин бири Эсен Момункулов бул жолу жеңиш жөнөкөй жарандар тарапта болорун белгиледи.

“Биз эркин, демократиялык баалуулуктарды туу туткан, экономикасы күчтүү өлкөнү түзүүнү максат кылып түзүлгөн партиябыз. Бул багытта “Бир Бол” саясий партиясы татыктуу программа жана күчтүү команда менен максатты ишке ашыра алат деп ишенебиз”,-деди Момункулов

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>