Бишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгыштыМинистрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталатБишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды
Шайлоо-2021: Бир мандаттуудан кайсы облуста аял көп? (РЕЙТИНГ)
14.10.2021 | 09:47
Эң активдүү Ысык-Көл облусу. 3 шайлоо округунан 48 талапкер болсо, анын ону аял. Ал эми Таласта бир да аял шайлоого катышууга ниетин билдирген эмес. Бул туурасында маалымат Борбордук Шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.
- Баткен облусу – 3 шайлоо округу, 40 талапкер, алардын төртү аял.
- Ош облусу – 9 шайлоо округу, 71 талапкер, алардын үчү аял.
- Жалал-Абад облусу – 7 шайлоо округу, 63 талапкер, алардын үчү аял.
- Талас облусу – 2 шайлоо округу, 17 талапкер, бир да аял жок.
- Чүй облусу – 6 шайлоо округу, 73 талапкер, үчү аял.
- Бишкек шаары – 4 шайлоо округу, 38 талапкер, алардын төртү аял.
- Нарын облусу – 2 шайлоо округу, 31 талапкер, алардын төртү аял.
- Ысык-Көл облусу – 3 шайлоо округу, 48 талапкер, алардын ону аял.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат