Шайлоо-2021: Кайсы депутаттар бир мандаттуу округ менен барат?

Шайлоо-2021: Кайсы депутаттар бир мандаттуу округ менен барат?

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев да парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдан шайлоого аттанганы жатат. Ал Бишкек шаарындагы №26 Ленин округу менен ат салышууну көздөп турат. Бул боюнча маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын №28 Октябрь округунан талапкер.

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Дастан Жумабеков Талас облусундагы №20  Манас округунан талапкер.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов Чүй облусунун №22 Жайыл округунан талапкер.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Жалал-Абад облусунун № 13 Сузак округунан талапкер.

Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Алтынбек “АЛЬЯНС” саясий партиясы көрсөттү. Ал Жалал-Абад облсунун №5 Ноокен округунан талапкер.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов  №7 Ош округунан талапкер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>