Шайлоо 2020: 45,26 пайыз кыргызстандык добуш берди

Шайлоо 2020: 45,26 пайыз кыргызстандык добуш берди

Саат 18:00гө карата 45,26 пайыз добушун берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Абдыжапар Бекматов билдирди.

 “Саат 18:00гө карата Кыргызстандагы шайлоо участокторунда баш аягы 1 миллион 594 миң 763 шайлоочу добуш берди.  Бул Кыргызстандагы 3 миллион 523 миң 554 шайлоочунун 45,26  пайызын түзөт”, — деди Бекматов.

Аймактардагы добуш берүүлөрдүн саны төмөндөгүдөй:

Бишкек шаары 223119  адам добуш берди (44,83 пайыз);

Ош шаары 101271 адам добуш берди (56,27 пайыз);

Жалал-Абад облусу 303450 адам добуш берди (47,14 пайыз);

Ысык-Көл облусу 117450 адам добуш берди (40,39 пайыз);

Нарын облусу 79939 адам добуш берди  (45,37 пайыз);

Ош облусу 317927 адам добуш берди (46,58 пайыз);

Талас облусу 69262 адам добуш берди (46,48 пайыз);

Чүй облусу 260432 адам добуш берди (44,39 пайыз);

Баткен облусу 115358  адам добуш берди (40,58 пайыз).

Чет өлкөдөгү 6554 кыргыз жараны добуш берген (20,1 пайыз).

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2473 шайлоо учаскасы иштеп жатат. Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Орусиядагы эки участок саат айырмачылыгына байланыштуу добуш берүү убактысы жыйынтыкталганы байланыштуу өз ишин жыйынтактаган. Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>