Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты болду

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты болду

Шайлообек Атазов Бишкек шаарынын Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага бүгүн, 6-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык күбөлүк менен төш белгини тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Соттордун жыйынтыгы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча Абдурахманхаджы Муртазалиев көпчүлүк добушка ээ болгону менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Шайлообек Атазов №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Нурбек Алимбековго утулуп, экинчи болуп келген. Ал тургай Алимбековду сотко берген. Бирок дооматтар четке кагылган. Кайра шайлоодо жолу болуп, мандат алды.

2020-жылдын октябрь айында “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болуп, бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан парламентке өтпөй калган. 2018-жылдан бери Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунун башкы машыктыруучусу болуп иштеп келет. Райымбек Матраимовду колдогон митингдерге катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>