Алматы аэропортуна мас киши жылаңач боюнча кирип кеткен (ВИДЕО)

Алматы аэропортуна мас киши жылаңач боюнча кирип кеткен (ВИДЕО)

Алматы аэропортунда 1997-жылы туулган жаран административдик укук бузганы үчүн транспорт полициясынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жаран 6-апрель күнү саат 00.10до жылаңачтанып, Алматы аэропортунун айланасындагы тосмодон ашып түшүп, андан соң учуп-конуу тилкесин көздөй чуркап кеткени аныкталып, ал жерден авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Бул тууралуу шаршембиде Казакстандын КазТАГ маалымат агенттигине Транспорт полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кармоо учурунда адам өзүн туура эмес алып жүргөн.

«Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кармалган адам жеңил даражадагы алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган», — деп кошумчалашты транспорт кызматкерлери.

Ага карата Казакстандын мыйзамдарына ылайык алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги же коомдук жайларга мас абалында келгендиги үчүн, майда бейбаштык, кызматсыз өтүү жана аэропорттун аймагына уруксаатсыз кирип кеткени боюнча жазалоо үчүн сотко жөнөтүлдү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>