Шакиев мектептерде сабактардын санын кыскартууну сунуштады

Шакиев мектептерде сабактардын санын кыскартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Билим берүү жана илим министрлигин билим берүүнүн консервативдүү моделинен баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Жыйында депутаттар Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-2023-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгүн карашты.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев актуалдуу эмес предметтери кыскартуу, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү боюнча сунуштарды айтты.

«Дүйнө жүзү боюнча окуунун натыйжаларынын маанилүүлүгүн түшүнүү өсүүдө. Заманбап окуучу алган билимин турмушта колдоно билиши, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Андыктан коомдун суроо-талаптарына жана муктаждыктарына жооп берген ийкемдүү жана ачык билим берүү системасын түзүү зарыл», — деген Н.Шакиев тиешелүү министрликти билим берүүнүн консервативдүү моделинен баш тартууга чакырды.

«Мамлекеттик билим берүү программасы коомдун азыркы абалынан кеминде 10 жыл алдыда болушу керек, антпесе өзүң коом менен бир деңгээлде болсоң, аны кантип өнүктүрөсүң, алдыга жылдырасың? Буга байланыштуу мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, райондук билим берүү бөлүмдөрүн чыңдоо зарыл», — деген Н.Шакиев министрликке тиешелүү концептуалдык документти иштеп чыгууну сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>