Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Шакиев: “Таалатбек Масадыков кайда, такыр эле көрүнбөй кетти?”
18.04.2022 | 16:51
Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары деген кызмат кирген эле да. Ал кызматты ээлеп турган кишинин дайыны жок. Такыр эч жерде көрүнбөйт. Ошол кызмат барбы, ал киши барбы? Бул мыйзамда да Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары жөнүндө бир да пунк жок экен? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкуловго берди.
“Президент Коопсуздук кеңешинин орун басарын өзүнүн жарлыгы менен дайындаган. Азыр Масадыков иштеп жатат. Президенттин өзгөчө тапшырмаларын аткарып жүрөт. Бир ай мурда ооруп, дарыланып келди. Анын кызмат орду убактылуу жобо менен бекитилген. Мындай Конституциялык нормада да жок болчу”– деп жооп берди Иманкулов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат