Унаанын айнектерин кимдер караңгылата албайт?

Унаанын айнектерин кимдер караңгылата албайт?

Салык карызы барлар жана таксисттер унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат ала алышпайт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин “Автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекитүү тууралуу” токтомунун долбоорунан келип чыкты. Бул токтом долбоору Экономика министрлиги тарабынан даярдалып, коомдук талкууга коюлган.

Долбоорго ылайык, тонировкалоого уруксат кагаздарын жүргүнчү ташуучулардан (таксиден) башка (М-1) категориясындагы автоунаалар ала алат. Ошондой эле, уруксаттар транспорт каражатынын мүлк салыгы жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөнгөндөн кийин гана берилет.

“Уруксат кагазын кайра берүү транспорт каражатынын ээси алмашканда, ошондой эле транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда гана жүргүзүлөт. Уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет, эгерде ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйым уруксатты колдонуу мөөнөтүнө карабастан кайтарылбайт”, — деп маалымдады Экономика министрлиги.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>