Шакиев: Жакынкы айларда АКШнын визасын алуу жеңилдейт

Шакиев: Жакынкы айларда АКШнын визасын алуу жеңилдейт

Жакынкы айларда Кыргызстандын жарандарына АКШга виза берүү жеңилдетилип, аны 5-10 жылдык мөөнөткө чейин алууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Жыйында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Америкага билим алганы кетип жаткан кыргызстандык студенттерге АКШнын элчилиги визаны 1 жылга гана берип, аны узартуу үчүн студенттер 1 жылдан кийин кайра мекенине келип, чыгымга учурап, убара тартып жатканын билдирди. Ошол эле учурда Казакстанда студенттер 5 жылга окууга кетсе, АКШнын элчилиги визаны ага ылайык 5 жылга берерин айтты. Мындан улам ал Тышкы иштер министрлиги бул маселенин үстүндө иш алып барышы керектигин белгиледи.

Өмүрзаковдун сөзүнө жооп кылып төрага Нурлан Шакиев учурда аталган маселени чечүү үчүн АКШ тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын жана ал оң жагына чечиле турганын билдирди.

«АКШнын элчилиги, алардын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буйруса жакынкы айларда оң натыйжа чыгат. Биздин кыргыз жарандарына визаны берүүнү жеңилдетүү, аны менен катар мөөнөтүн 5-10 жылга чейин узартуу жөнүндө сөз болуп жатат. Буйруса жакшы жагына чечилет», — деди ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>