Видео: Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети. Дагы эки шектүү кармалды

Видео: Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүү аракети. Дагы эки шектүү кармалды

Жалал-Абаддын Сузак районунда кылмыш чөйрөсүнө аралашкан адамды өлтүрүүгө аракет кылган деп дагы эки шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30да болгон. 29 жаштагы Н.С. аттуу киши таксиде бара жатканда белгисиз адамдар Hyundai Getz унаасы менен келип, такси унаасын ок атуучу курал менен аткылап кетишкен.

Натыйжада Н.С. аттуу жаран октон жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Жабыркаган адам криминалдык чөйрөгө тиешеси бар адам болуп саналат.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда аталган кылмышка шектүү катары 3 адам кармалган.

Буга чейин шектүү катары Сузак районунун 28 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалганы кабарланган.

Андан кийин дагы эки шектүү колго түшүрүлгөн. Кармалгандар Сузак районунун 23 жана 24 жаштагы (Р.К., Ж.Э.) тургундары болушат.

Белгилүү болгондой, кармалган үч адам тең криминалга тиешеси бар адамдар.

Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>