ӨКМге учкуч керек, айлыгы 3 миң доллар

ӨКМге учкуч керек, айлыгы 3 миң доллар

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тик учактын учкучтары кеминде 3 миң доллар маяна алат. Бул тууралуу түз эфир учурунда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Ал сөзүндө Кыргызстанда тик учак учкучтарын даярдаган мекеме жок экенин айтып, учкучтарды чет мамлекеттен окутуп келишерин белгиледи.

«Мурда Советтер союзу убагында жана шериктеш өлкөлөрдө тик учакты башкарууну үйрөнгөн адистерибиз бар. Азыр биз тик учакты башкарганга учкучтарды чакырып жатабыз. Ал Кыргызстандын же чет өлкөнүн жараны боло алат», — деди Шамырканов.

Ал белгилегендей, жакында эле министрликкке берилген Airbus H-125 тик учагынын учкучу бар. Ал Коргоо министрлигинин кызматкери.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>