Айрым аймактарда жаан жана кар жаайт: 30-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты
Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот
03.07.2023 | 09:27
Жакынкы бир саат аралыгында күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Министрлик айдоочуларды унааларын имарат жана бак-дарактын алдына токтотпоо, жарандарды электр чубалгылары турган жерге барбоо керектигин эскертет. Шамал учурунда көз айнек тагып жүрүү сунушталат.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом