Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленди

Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленди

1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарага расмий түрдө старт берилип, «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль башталды. Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырды.

Андан сырткары кыргыз казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өттү.

Каракол шаарынын борбордук эс алуу багында (скверинде) манасчылар манас айтышты. Андан тышкары салттуу музыка сынагы да болду.

Улуу ойчулдарга арналган илимий конференция түштөн кийин Каракол шаарындагы Карагат мейманканасынын конференция залында өттү.

Сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>