Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрөт

Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрөт

Кыргызстандын аймагында 17-18-апрелдерде аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

17-18-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-апрелде абанын температурасы:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус жылуу, күндүз 6…11 градус болот;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус, күндүз 5…10 градус жылуу;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13 градус болот;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 6…11 градус болот;

— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3 градус суук, күндүз 6…11° жылуу,  тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° , күндүз 3…8° жылуу,  тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу,  бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16 градус суук, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>