Санэпидем көзөмөл департаментинин 4 кызматкери кармалды (видео)

Санэпидем көзөмөл департаментинин 4 кызматкери кармалды (видео)

Санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. тарабынан уюштурулган, өлкө аймагына товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

«А.Л.О. аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөндүгү ачыкталды», — деп айтылат маалыматта.

Маалымдама: санитардык-эпидемиологиялык корутунду — бул санитардык ченемдерге ылайык продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, тиешелүү товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ.

Андан тышкары, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товар жана продукцияга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталган.

«Ошондой эле, аталган департаменттин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана анын жооптуу кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө начар экенин, А.Л.О.  иш жүзүндө жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акча каражатынан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганын белгилей кетүү керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги тарабынан жасалган мындай аракеттер өлкөнүн калкынын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирип, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун бузат», — деп билдирет УКМК.

Бул кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалып, №1-тергөө абагына камакка алынган.

Азыркы учура коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилик курамындагы кишилерди аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>