Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Чүйдө жаранды 17 миң долларга алдоого шектелип эркек киши кармалды
21.09.2026 | 16:05

Чүйдүн Аламүдүн районунда жаранды 17 миң долларга алдап кетүүгө шектелип, 41 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, былтыркы жылдын 8-августунда шектүү анын камакта жаткан бир тууганын бошотуп берем деп ишенимине кирип, 17 миң долларын ээлеп алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Москва районунун тургуну К.Э. кармалып, соттун чечими менен камалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: алдамчылык, Чүй