Шектүү буюм табылган учурда эмне кылуу керек? ИИМдин эскертүүсү

Шектүү буюм табылган учурда эмне кылуу керек? ИИМдин эскертүүсү

Ички иштер министрлиги шектүү буюмдар табылган учурда жарандар кандай аракеттерди көрүшү керектиги тууралуу эскертмесин таратты.

Андагы кеңештерге ылайык,  шектүү буюмдарды транспорт каражаттарында, тепкичтерде, батирлердин жанында, мекемелерде жана адамдар көп жүргөн жерлерде, ошондой эле токойлордо, суу объектилерине жана жолдорго жакын жерлерден табууга болот.

Коомдук транспортто унутулуп калган же ээси жок буюм таап алсаңыз, жакын жердеги жүргүнчүлөргө кайрылыңыз. Бул кимдики экенин же ким таштап кеткенин аныктоого аракет кылыңыз. Эгерде ээси аныкталбаса, дароо айдоочуга буюм табылганын кабарлаңыз.

Көп кабаттуу үйдүн тепкичтеринен шектүү нерсени байкасаңыз, кошуналардан сураңыз. Балким, бул аларга таандык. Эгерде ээси аныкталбаса, токтоосуз милицияга кабарлаңыз. Ал эми мекемеден шектүү буюмду тапсаңыз, дароо анын администрациясына же нөөмөтчүсүнө кайрылыңыз.

Жогорудагы бардык учурларда:

— эч качан табылган нерсени ачуу же жылдырууга болбойт;

— бул нерсе кимге таандык экенин билүүгө аракет кылыңыз;

— табылган нерсенин ээси жок болсо, бул тууралуу ички иштер органдарына билдириңиз;

— шектүү табылга тууралуу башкаларга эскертип жана алардын тегерек-четинен чыгып кетүүнү сураныңыз;

— ыкчам-тергөө тобунун келишин күтүңуз.

«Эсиңизде болсун! Буюмдун сырткы көрүнүшү анын чыныгы максатын жашырышы мүмкүн. Кол салгандар жардыргыч заттар үчүн камуфляж катары көбүнчө баштыктарды, таңгактарды, кутучаларды, жада калса балдардын оюнчуктарын колдонушат«, — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги ата-энелерге кайрылып, көчөдөн же подъездден табылган ар кандай буюмдар кооптуу болушу мүмкүн экенин жаш балдарга түшүндүрүүнү өтүнөт.

Шектүү буюмдар табылган бардык учурларда сиз дароо «102» нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, кабарлашыңыз керек.

Эң негизгиси — табылган буюмдар менен өз алдынча эч кандай чара көрбөңүз!

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>