Чукул билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшөт

Чукул билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшөт

Бир катар тоолуу өрөөндөрдөгүү унаа жолдорго кар көчкү түшүп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелден 29-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын төмөнкү тоолуу райондорунда:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна, 207-246 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына;

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусуна, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан улам, көчкү жүрө турган тилкелерде унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кар көчкү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>