Шыкмаматовго кылмыш иши козголгону кабарланды

Шыкмаматовго кылмыш иши козголгону кабарланды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алманбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Аскер прокуратурасы ага 245-берене (Имараттарды жана курулмаларды басып алуу) менен кылмыш ишин козгогонун “Reporter.kg” сайтына Шыкмаматов өзү тастыктады. Ал жергиликтүү радиолордун бирине бүгүн берген маегинде бул жагдайды төмөнкүчө сыпаттаган:

«Мага жана Сыймык Жапыкеевге аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Демек бул буйруктун артында президент турат. Ушинтип отуруп, президенттин түбүнө тегерегиндегилер жетип келген. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн түз прокуратура күнөөлүү».

Алманбет Шыкмаматов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Бир Бол” саясий партиясын жетектеп чыккан. Алтынчы чакырылышта «Ата-Мекен» саясий партиясынын курамында депутат болгон. Партия лидери Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин фракция лидерлигин колуна алган. Ал эми Текебаев түрмөдөн чыккан соң, пикир келишпестиктерден улам, мандатын тапшырып фракциядан чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>