Кыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлатКыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөт
Шылуундар вице-премьердин атын жамынып элден акча которууну суранууда
27.02.2025 | 11:23
Шылуундар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиевдин атын жамынып, мессенжерлер аркылуу жарандардан акча которууну сурап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы Данияр Амангелдиев жарандарга акча которуу өтүнүчү менен кайрылбай турганын белгиейт. Ошондой эле шылуундарга алданып калбаш үчүн алардын жазгандарына жооп бербөөгө, акча которбоого, ал тууралуу укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом