Сирияда даярдыктан өткөн эки жаран экстремизмден баш тартты — видео

Сирияда даярдыктан өткөн эки жаран экстремизмден баш тартты — видео

Нарында эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдун эки мүчөсү радикалдуу көз караштарынын баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Малыматка караганда, аталган жарандар Нарын облусунун Нарын шаарынын 37 жаштагы Б.Б.С. жана Он-Арча айылынын 34 жаштагы Ж.А.Б. аттуу тургундары болушат. Алар Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн.

«Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын эл аралык террористтик уюмдун, диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты», — деп билдирет УКМК.

УКМК эл аралык террористтик, диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Нарын УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>