Сиз алып барасызбы? Депутаттар Өмүрзаков менен Матраимов кайым айтышты

Сиз алып барасызбы? Депутаттар Өмүрзаков менен Матраимов кайым айтышты

Жогорку Кеңештин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өкмөттүн “унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатуу” боюнча мыйзам долбоорун карап жатып депутаттар Сүйүн Өмүрзаков менен Искендер Матраимов кайым айтыша кетти. (Өмүрзаков аталган комитеттин төрагасы катары жыйынды алып барып жаткан)

Сүйүн Өмүрзаков:

-Мыйзамды кайра артка чакырып алуу боюнча  сунушту добушка коём. Анда добуш бергиле.

Искендер Матраимов:

-Жок, андан көрө мындай кылбайлыбы. Онлайндан баары бир көрүп жатат. Ар кимибиз ар кандай сүйлөп жатабыз.

Сүйүн Өмүрзаков:

-Сиз алып барасызбы же мен алып барамбы?  Анда отуруңуз алып барыңыз… Шашылбаңыз, биз күн тартибин бекитип алдык. Талашпаңыз, сизге сөз бердим. Ага эч кыйналбаңыз. Артка кайтса өздөрүнүн күнөөсү.

Мыйзамды артка кайтарып алуу боюнча добуш берүү токтотулуп,  мыйзам долбоору күн тартибинен алып салынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>