Сиз күткөн оюн! Бүгүн Кыргызстан Азия кубогундагы биринчи беттешин өткөрөт

Сиз күткөн оюн! Бүгүн Кыргызстан Азия кубогундагы биринчи беттешин өткөрөт

Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогундагы биринчи беттешин өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталып, УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

“Ак шумкарлардын” тайпалык баскычтагы биринчи атаандашы Таиланддын курамасы болот. Кыргызстандык оюнчулар ак, таиланддыктар көк түстөгү форма менен ойнойт.

Эки кураманын беттешинде иорданиялык топ калыстык кылат. Адхам Мухаммад башкы калыс, анын мекендештери Мухаммад Мустафа менен Ахмад Муанесс капталдагы калыс болушат. Андан тышкары кореялык Ким Хенг резервдик арбитр болуп дайындалган.

Ошондой эле VAR системасын Бириккен Араб Эмираттарынын адистери Адел Али менен Хасан Мохамед карайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Азия кубогунда Таиланд, Сауд Арабия жана Оман менен F тайпасында жайгашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>