Алгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — Кубатов
Бишкекте угуусу начар 47 балага операциясы жасалды
15.01.2024 | 23:25
Бишкекте угуусу начар 47 балага кохлеардык имплантация операциясы жасалды. Операция 2023-жылдын декабрь айында Катар фондунун жардамы менен ишке ашырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 15-январда Бишкекке Кохлеар компаниясынын клиникалык жана техникалык адиси Дмитрий Заика бул балдарга сүйлөө процессорлорун туташтыруу үчүн учуп келди.
Дмитрий Заика ошондой эле кыргызстандык адистерди окутуудан өткөрөт.
“Сүйлөө процессорлору туташтырылгандан тартып балдардын үндөр дүйнөсүнө болгон сапары башталат”, – деп белгилешти ведомстводон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар