Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эрик Арсалиев каза болду
09.03.2021 | 10:41
Жогорку Кеңештин “Ак-Жол” партиясынан экс-депутаты Эрик Арсалиев 55 жашында каза болду.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айтымында, ал узак оорудан кийин Түркияда көз жумган.
Арсалиев Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон. 1999-2001-жылдары авиация иши менен алектенип, “Аэролипкс” ААКты башкарган, ошондой эле эл аралык “Манас” аэропортунун президенти болгон. Депутат болгонго чейин “Кыргызалтындын” вице-президенти болгон.
Reporter.kg’нин жалпы жамааты Эрик Арсалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом