Депутат Айбек Осмонов өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө барды

Депутат Айбек Осмонов өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө барды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов өзү 20 жыл мурун аскер кызматын өтөгөн Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментине барды. Бул тууралуу аталган кызматтан басма сөз кызматы билдирди.

«Иш сапардын негизги максаты – аскер кызматкерлеринин күжүрмөн кызматы жана тиричилиги, департаменттеги кызматтын абалы менен таанышуу, мөөнөттүү аскер кызматкерлери менен жолугушуу жана маектешүү, аскер кызматкерлерине моралдык колдоо көрсөтүү.

Депутатты Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин зардалы Улан Бердикожоев  коштоп жүрүп, конокторду аскер бөлүгүнүн күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгү менен тааныштырды, кайтаруу жана коштоп жүрүү кызматынын уюштурулушу, күч жана каражаттар тууралуу маалымат берди. Депутат көйгөйлөрдү жана сунуштарды угуп, социалдык камсыздоо маселелери менен таанышты», — деп айтылат маалыматта.

Коноктор аскер кызматкерлеринин кызматы жана тиричилиги менен таанышып, штабды, кызматтык бөлмөлөр, медпункт, музей, окутуу-машыктыруу борбору, унаа токтотуучу жай, казармалык жайлар жана башка кызматтык имараттарды карап чыккан.

Депутат аскер бөлүгүнүн күжүрмөн даярдык деңгээлин жогорулатууга байланышкан материалдык камсыздоо маселелерин чечүүгө даярдыгын билдирген. Жолугушуунун соңунда эл өкүлү өздүк курам менен маектешүү өткөрүп, жоокерлерге ак ниеттик менен кызмат өтөөнү, кызматтык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууну, аскердик тартипти кынтыксыз сактоону каалаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>