«Социалдык келишим» менен 13 миң үй-бүлө туруктуу кирешеге чыкты

«Социалдык келишим» менен 13 миң үй-бүлө туруктуу кирешеге чыкты

«Социалдык келишим» программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

Анын айтымында, «Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41,5 миңден ашуун 16 жашка чейинки балдар жашайт. Алардын жашоо деңгээли ата-энелеринин бизнес-долбоорлорун өнүктүрүү менен жакшы жагына өзгөрдү», — деди ал.

Жылдыз Полотованын айтымында, жалпысынан мамлекет менен социалдык контрактка кол койгон үй – бүлө мүчөлөрү болгон 70 миңден ашуун адам бакубатчылыктын жакшырышына таасирин тийгизди. Анын ичинен 1,4 миң адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>