Боом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айланды
Сойкуканаларды калкалаган милициянын полковниги жана майору кармалды
05.12.2023 | 14:54
Жалал-Абад облусундагы сойкуканаларды калкалаган милициянын полковниги менен майору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Коопсуздук комитети аймакта бир нече интим кызматын көрсөткөн жайды тапты. Маалыматка караганда, алар 30га жакын батирде, 2 сауна жана 5 мейманканада жайгашкан. Анда кошуна мамлекеттик жарандары дагы иштеткен. Алар милициянын калкалоосунда болгону аныкталды.
Маалыматта, Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, полковник Б.Н.Д жана облустун айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, майор Д.А. сойкуканалардан ай сайын акча алып турушкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом