Жапаров: Бул митингдердин артында төңкөрүштү көздөгөндөр турат (видео)

Жапаров: Бул митингдердин артында төңкөрүштү көздөгөндөр турат (видео)

Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн митингдерин колдонуп, төңкөрүш жасоого даярдангандар бар. Бул тууралуу «Дордой» базарында соодагерлер менен жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, нааразычылык акцияга чыккандардын артында турган 3-4 топ боюнча маалымат бар.

«Силерди курал кылып колдонгусу келгендер бар. Алар 30 жылда 3 жолу революция кылып жүргөндөр, дагы эле төңкөрүштү көздөп турушат. Бул саналуу гана күчтөр. Силер алардын ким экенин дагы билбейсиңер. Бизде толук маалыматтар бар. Мен силерди күнөөлөп жаткан жокмун. Анткени үнүңөрдү жеткирүү, талап кылуу силердин укугуңар», — деди Садыр Жапаров.

Президент акыркы жылдары эч кандай салыктын жаңы түрү киргизилбегенин белгиледи.

«Бул парламенттен өткөн чечим. Эч кандай жаңы түрүн киргизип, салыкты көтөргөн жокпуз», — деди ал.

«Дордой» базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков соодагерлерди эч кайсы саясый топторго ишенбөөгө чакырды.

«Дордой үчүнчү күчтөргө ишенбейт. Азгырылбагыла», — деп кайрылды ал ишкерлерге

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>