Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган киши 18 жылга кесилди

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган киши 18 жылга кесилди

Өткөн жылдын 5-декабрында 2004-жылы туулган кызды зордуктаган  О.Ч.К. 18 жылга кесилди. Мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алды. Бул боюнча соттун токтомунда айтылат.

2022-жылдын 1-мартында О.Ч.К. Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү менен 18 жылга эркинен ажыратылган.

2021-жылдын 5-декабрда Сокулук милициясына белгисиз адам 16 жаштагы кызды сабап, зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине “зордуктоо” беренеси менен катталган. Кыздын атасы арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 5-декабрында таң эрте 2004-жылы туулган кызын Бишкекке жолдон унаасына салып кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Ал кызын күч колдонуп зордуктаганын айткан.

Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, кармалды. Шектүү 1990-жылы туулган К.Н. Чүй облусунун тургуну болуп чыкты. Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Зордуктаган кишинин ата-энесин айылдан көчүрүп салганга чейин барган. Бул коомчулукту сестенткен окуяга айланган.

Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктаган кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>