Сокулукта 200 аз камсыз үй-бүлө жөлөк пулдан баш тартты, — министр

Сокулукта 200 аз камсыз үй-бүлө жөлөк пулдан баш тартты, — министр

Чүй облусунун Сокулук районундагы 200 аз камсыз болгон үй-бүлө жөлөк пул алуудан баш тартты. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарабаев 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу учурунда билдирди.

«Бул үй-бүлөлөр алдыга чоң кадам ташташты – алар жөлөк пулдан баш тартуу менен экономикалык жактан көз карандысыз болууну чечишти. Социалдык келишимдин негизинде бул үй-бүлөлөр учурда жеке ишкерлердин катарын толуктап, бизнес баштоого киришти”, — деди ал.

Министр белгилегендей, жалпысынан Сокулук району боюнча 200 үй-бүлөгө, Чүй облусунда 629 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет.

“Быйыл 10 миң үй-бүлө өз ишин баштады. Бул айыл чарба, соода, тейлөө тармагындагы жаңы долбоорлор. Айрыкча алыскы жана тоолуу айылдардын экономикалык бакубаттуулугун көтөрө турган көптөгөн долбоорлор элеттик аялдар тарабынан сунушталды”, — деди Базарбаев.

Министр белгилегендей, Сокулук районунун администрациясы «Социалдык контракт» долбоорунун өзүнүн вариантын иштеп чыгууга киришип, 20 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен кошумча 100 миң сомдон бөлүнгөн.

«Бул тажрыйбаны башка райондук администрациялар жана шаарлардын мэриялары да кабыл алат деп ишенебиз. Биргелешкен аракеттер менен биз бардык муктаж болгон жөлөкпул алуучулардын туруктуу кирешеси бар жеке ишкерлер категориясына өткөрөбүз. Бул келишимди алуучулар каржылык сабаттуулукка үйрөтүлүп, акча деген эмне экенин, аны кантип сактоону, кантип сарптоону үйрөнүшөт. Андан соң бизнес-план жазганды үйрөнүшөт. Натыйжада, адамдарда мотивация пайда болуп, алардын ой жүгүртүүсү өзгөрүлөт», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>