Сокулукта чоочун унааларды он букага алмашып кеткен жаран кармалды

Сокулукта чоочун унааларды он букага алмашып кеткен жаран кармалды

Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 16-июлунда милиция кызматкерлерине эркек адам кайрылып, ага белгисиз адам «Лалафо» аркылуу өзүн сатып алуучу катары тааныштырганын жана ага унаасын таштап, 332,8 миң сомго малын алып кеткенин билдирген. Кийин ал таштап кеткен унаа башка бирөөгө таандык экени белгилүү болгон.

Ушундай эле билдирүү менен дагы эки жаран милицияга кайрылган. Алардын айтымында, ошол эле «сатып алуучу» алардын 499,2 миң сомдук малын ушундай жол менен алып кеткен.

Бул фактылар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1976-жылы туулган И.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 2023-жылдын 16-июлунда Lalafo сайтындагы жарнактан кийин Сокулук районунун айылдарынын бирине келип, алдамчылык жол менен үч жарандан жалпы суммасы 832 миң сомду түзгөн он буканы алып кеткендиги аныкталган. Ал жабырлануучуларга акчанын ордуна башка адамдарга таандык “Мерседес-Бенц Спринтер” жана SCANIA R144 L үлгүсүндөгү унааларды берген.

Учурда кармалган жарандын Чүй облусунун аймагындагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жогу такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>