Ошто УКМК жаңы имараттуу болду (сүрөт)

Ошто УКМК жаңы имараттуу болду (сүрөт)

УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Ошко болгон сапарынын алкагында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышкан.

Жапаровдун айтымында, УКМКнын Оштогу башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, мезгил-мезгили менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп келген. Башкармалыктын кызматкерлерине ылайык шарттарды түзүп берүү үчүн былтыр 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курула баштаган.

«Бүгүнкү күндө объекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>