Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Бишкектеги түнкү клубда бир адам бычактан жаракат алды
13.01.2023 | 11:44
Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде жаранга бычак сайган деп шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 3-январда милицияга Н.Н. аттуу жаран кайрылып, 2-январда Чыгыш-5 кичирайонундагы түнкү клубдардын биринде белгисиз адам кайым айтыш учурунда көкүрөк тушуна бычак сайганын билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз