Сокулукта мыкаачылык менен сабалган Егорду чоң энеси Орусияга алып кетет

Сокулукта мыкаачылык менен сабалган Егорду чоң энеси Орусияга алып кетет

Сокулукта мыкаачылык менен сабалган баланы эжеси менен чоң энеси Орусияга алып кетмекчи. Бул тууралуу Reporter.kg’нин редакциясына ал өзү билдирди.

Буга чейин балдар Натальянын (балдардын атасынын апасы) убактылуу камкордугуна өткөрүлүп берилген. Ал ооруканада, Егорду багууда.

«Егор жакшы болуп баратат. Мүмкүн, бир нече күндөн кийин ооруканадан чыгып калабыз. Бирок колдору дагы эле абдан алсыз жана ичке. Ал үчүн оюнчуктарды алуу да кыйын», — дейт Егордун чоң энеси.

Анын айтымында, ал Орусиянын жараны. «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду ага жана балдарына убактылуу турак жай таап берген. Егордун апасын эки балага тең ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн алты айга жакын убакыт кетет. Кийин ал балдарды Орусияга алып кетмекчи.

Аялдын айтымында, Орусияда анын турак жайы жана туруктуу жумушу бар.

Эске салсак, 3-февраль күнү 2020-жылы туулган бала денесинен жаракат алып Сокулук аймактык ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк ден соолукка зыян келтирген деген шек менен баланын ата-энесинин жумуш берүүчүсү жана апасынын чогуу жашаган 1987-жылы туулган Александр Самаркин кармалганы белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>