Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
1,5 млн. сомдук ажаткананы текшергендер бир жума мейманканада болушту
17.02.2022 | 15:52
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Соцфонддун имаратына 1,5 млн. сомго ажаткана салынды. Бирок, Эсептөө палатасы барып, бир жума мейманканадан чыкпай жатты. Соцфонддун кызматкерлери өзүлөрү актыны жазды, эсептөө палатасы колду коюп кетти. Алар болсо ошого кеткен чыгымдарды көрүшкөн жок. Ошол себептен, ички аудитти кайра белгилеп, текшерсеңиздер. Эл журт “кандай шермендечилик”- деп айтып жатат. 1,5 млн сомго салып жатышат. Ушуну текшерип жообун мага берсеңиздер. Бул боюнча сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловго берди.
Ал эми Эдил Байсалов болсо текшерип, кат жүзүндө жооп берээрин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар