Сокулукта төлөм терминалын уурдагандар колго түштү

Сокулукта төлөм терминалын уурдагандар колго түштү

Сокулук районунда төлөм терминалдарынан акча уурдоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Февраль айында эки жабырлануучу арыз менен милицияга кайрылган. Алардын айтымында, белгисиз адамдар түнү менен азык-түлүк дүкөндөрүнө кирип, уурулук кылышкан. Биринчи учурда кол салгандар дүкөндүн кассасынан 4000 сом уурдап, ичиндеги 44 миң сому бар терминалды алып кетишкен. Экинчи учурда 29 миң сомдон ашык акча жана 1 миллион сомдук терминал уурдалган», — деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк уурдалган төлөм терминалдары ачылган. Ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүп, аларды кармоого жетишкен. Кармалгандардын бири 22 жашта, экинчиси 20 жашта. Экөө тең Сокулук районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>