Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азайды

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-март айларында энелердин өлүмү кескин азайгандыгы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, үч айда эне өлүмүнүн 2 учуру катталган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 14 учур катталган. Бул тууралуу министрликте энелердин жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча өткөн комиссиянын жыйынында маалымдалды.
Аталган мезгил ичинде өлкө боюнча 32 миң 17 ымыркай төрөлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 716га көп. Ымыркайлар эң көп Ош шаарында жана Чүй облусунда төрөлгөнү байкалган.
Ошондой эле жыйында ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөгөнү белгиленди. Январь-март айларына карата 1000 тирүү төрөлгөн балага карата өлүм көрсөткүчү 14,4тү түзгөн. Ал эми 2025-жылы көрсөткүч 15,6ны түзгөн. Ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери катары перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар, тубаса аномалиялар жана дем алуу органдарынын оорулары аталды.
Жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, төрөт кызматын чыңдоо жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын билдирген.