АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Сооронбай Жээнбеков азырынча кызматын тапшырбайт
14.10.2020 | 21:52
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президентти шайлоо күнүн жарыялап коюп кызматтан кетет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Стамалиеванын айтымында, президент бүгүн жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушкан. Жолугушууда Жапаров тарабынан президенттин кызматтан кетиши тууралуу талап коюлган.
Сооронбай Жээнбеков учурда кызматтан кетүүгө укугу жок экенин айтып, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоону жарыялап, мамлекетти мыйзамдуу жолго салып анан кызматын тапшырарын айткан.
10-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент үч күндөн кийин арыз жазып кызматтан кетерин премьер-министр Садыр Жапаров айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат