Сооронбай Жээнбеков: Энергетиктер калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоодо

Сооронбай Жээнбеков: Энергетиктер калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоодо

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 22-декабрда, өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы энергетиктер калктын жана экономиканын электр энергиясына болгон муктаждыгы гана камсыздалбастан,  башка өлкөлөргө да экспорттоо үчүн  өлкөнүн энергетикалык дараметин көтөрүүдө экенин белгиледи.

«Учурда гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун жана колдонуу мөөнөтүн көбөйтүү боюнча активдүү жумуш жүрүп жатат. Электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырууда.

Кыргызстанда электр энергиясынын альтернативдүү булактарын тез өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы энергетиктердин ишин жогору баалап, кыргызстандыктардын ар бир үй-бүлөсүндө, ар бир үйүндө жарык, жылуулук жана жагымдуу маанай болушуна багытталган иштерине ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>