Кайсы аймактарда кар жаайт? 9-декабрга чейинки аба ырайы

Кайсы аймактарда кар жаайт? 9-декабрга чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргыстандын аймагында 9-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка караганда, 2-6-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу:

1-декабрда күндүз жана 2-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-декабрда күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 6-декабрда тоолууу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаары

1-декабрда кар жаашы мүмкүн. 2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

1-декабрда күндүз жана 2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-6-декабрларда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ош облусу

1-декабрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 3-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 3-декабрда күндүз жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда күндүз жана 5-6-декабрларда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жалал-Абад облусу

1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 2-декабрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-декабрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Баткен облусу

1-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 2-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда жана 6-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

1-2-декабрдарда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 3-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда түнкүсүн тоолууу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-декабрда күндүз жана 6-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 7-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

1-декабрда күндүз жана 2-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 3-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-6-декабрларда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-декабрларда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

8-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринда жаан, кар, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым жерелринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарда жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>