Ишкерлерди текшерүүлөрдү прокуратурада каттоону сунушташууда2:1 — Аргентина ДЧ-2026 жарым финалында Англияны жеңип алдыКурулуш министрлиги Бишкектеги 18 курулуштун ишин токтотту16-июль: Кыргызстанда +41°C чейин ысык болот, жаан-чачын күтүлбөйтМиллионго жакын аялдар жана кыздар гуманитардык жардамсыз калды — БУУнун баяндамасы«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи түз каттам келди
“Сосновка” постунда киргизилген чектөө алынды
28.03.2025 | 10:54
Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 28-март саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Чектөө кечээ, 27-мартта туруксуз аба ырайына байланыштуу киргизилген.
Мындан тышкары азыркы тапта Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда бороон басыла элек. Жол жакшы көрүнбөй, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Жеринде тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом