Сот Акжолтой Тукуновдун кармалышын мыйзамсыз деп тапты

21.04.2024 | 16:13

Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин төрагасынын мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чечимди 19-апрелде Аламүдүн районунун тергөө судьясы чыгарган. Судья Кылмыш-жаза  кодексинин 96-97-беренелери («Каракта кармоонун негиздери» жана «Шектүүнү кармоонун тартиби») одоно бузулгандыктан, камакка алууну мыйзамсыз жана негизсиз деп тапты.

Буга байланыштуу Акжолтой Тукуновго тергөө жүргөн мезгилде, башкача айтканда 16-июнга чейин эч жакка чыкпоого милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, 19-апрелде милиция Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренесине (массалык башаламандыктарга аракет көрүү) ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 43 жаштагы Акжолтой Тукунов кармаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top