Сот департаментинин Жалал-Абаддагы башчысы менен Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Сот департаментинин Жалал-Абаддагы башчысы менен Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Сот департаментинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы менен Эсептөө палатасынын инспектору коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, облустук сотту жаңы имаратка көчүрүү, эмеректерди чечип-жыйноо жана башка иштер боюнча чыгымдарга байланыштуу тендерлер формалдуу түрдө өткөрүлгөнү аныкталган. Ал эми бул үчүн бөлүнгөн акча каражаттар афилляцияланган фирмаларга которулуп, андан кийин накталай акчага айландырылып, Жалал-Абад облусунун Сот департаментинин башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. өзүнө ыйгарып алганы белгилүү болгон.

2025-жылдын февралында Эсептөө палатасынын инспектору Ж.З.С. жогоруда аталган мекемеде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүү учурунда табылган мыйзам бузууларды жашыргандыгы үчүн ал Сот департаментинин жетекчисинен пара алган. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчиси бул акчаны кол алдындагы кызматкерлерге сый акыны формалдуу гана төлөп берүү жолу менен чогулткан.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө Сот департаментинин кызматкерлери  7 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланышканы аныкталган.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. менен Эсептөө палатасынын инспектору Ж.З.С. кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>