Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылдыДепутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштадыБишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткарат
Марлен Маматалиев вице-премьер болобу? Депутаттын жообу
27.06.2023 | 14:16
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бакыт Төрөбаевдин ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалат деп айтылып жаткан сөздөргө жооп берди.
Депутат Reporter.kg’ге билдиргендей, анын талапкерлиги орун басарлык кызматка каралып жаткан болушу мүмкүн, бирок анын ал тууралуу маалыматы жок.
“Ар кандай ушактар айтылат. Анын ичинде жаманы-жакшысы болот. Анча-мынча жакшы ушактар чыгып калса, кичине жүрөгүң жылып калат.
Жалпысынан бизде андай пландар жок. Мүмкүн (аталган маселе – ред.) каралып жаткандыр. Бирок бүгүнкү күнү ал жөнүндө маалыматым жок. Азырынча андай планыбыз дагы жок”, – деди ал.
Мирлан Маматалиев “Ынтымак” фракциясынын лидери болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом