Сот феминналеге каршы активисттердин акциясына уруксаат берген жок

Сот феминналеге каршы активисттердин акциясына уруксаат берген жок

Бишкекте  Феминналеге каршы акция өткөрүүгө сот жарандык активисттерге уруксат берген жок. Бул тууралуу жарандык ативист Аманбол Бабакулов билдирди.

Бабакулов акцияда эски аянтта же Курманжан датканын же Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына төрт боз үй тигүүнү пландашканын айтты.

« Боз үйдүн ичинде 40 аксакал, 40 ак элечек эне, 40 мырза жана 40 айым чогулуп, эки сааттык талкуу өткөрүлмөк. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, Жогорку Кеңешке жөнөтүү каралган. Кабыл ала турган Резолюцияда кыргыздын улуттук баалуулуктарын жогото турган иш-чаралар борбордук Ала-Тоо аянтында,  Улуттук музейлерде, эстеликтердин алдында каада-салтка туура келбеген көрүнүштөргө тыюу салынсын деген талаптар коюлмак. Мындан тышкары дагы бир талабыбыз улуттук кийимибизди мазактоого тыюу салынсын болчу.

Сот Жаңы жыл майрамына байланыштуу шаарды кооздоо, майрамдык иш-чаралардын өтүшү менен түшүндүрүп, биздин акциябызга уруксаат беришкен жок», — деди активист.

Учурда мамлекеттик тиешелүү органдардан бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, Феминале иш-чарасы 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болуп өткөн. Учурда бул  жылаңач кыздардын иш чарасы социалдык тармактын колдонуучулары жана коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>