Сот Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Сот Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык сот Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Сооронкулованын баш коргоо чарасы эртең, 10-ноябрда саат 14:00до каралат.

Жактоочулардын айтымында, Клара Сооронкулова мурда соттолбогонуна карабай анын айып токтомуна мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жазылган.

Тергөөчү башка адамга жазылган айып токтомун алып, ага Клара Сооронкулованын атын кошуп койгон.

Учурда Бишкек шаардык сотунда Клара Сооронкулованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралды.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен кармалгандар эки айга камалган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Камалган саясатчы жана активисттердин тизмеси. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>